​Онтарио соту Кумтөр маселесин Кыргызстандын пайдасына чечкен. Бирок бул 2017-жылы болгон (Фактчекинг)

20-июнь күнү, Фейсбук социалдык тармагында активист Төрөхан Жунусбеков Кумтөр маселеси боюнча Канада соту Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарды” деген маалымат жарыялаган. Маалыматтын булагы катары kabarlar.org сайты көрсөтүлүп, бул маселени чечүүдө президент Садыр Жапаровдун орду чоң экени белгиленген.



ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү

2017-жылдагы маалымат

Төрөхан Жунусбеков тараткан билдирүү kabarlar.org сайтында 2017-жылдын 4-январында жарыяланган.

Кумтөрдүн айланасындагы бул чыр, Кыргыз өкмөтү жана чет элдик 3 компаниянын ортосунда болуп өткөн. Эң алгач, 2011-жылы Түркиялык “Sistem Mühendislik Inşaat Sanayi” компаниясы Кыргыз Өкмөтүн Кумтөрдөгү акцияларды жана “Ак-Кеме” отелин рейдерлик менен басып алууга айыптап, Онтарио Арбитраждык сотуна кайрылган. Ошол жылы, Онтарионун Апелляциялык соту Кыргызстандын «Центеррадагы» 4 миллион акциясын камакка алып, кайра 2015-жылы бул чечимин жокко чыгарган.

Кийинчерээк, “Entes Industrial Plants Constraction”, “Stans Energy Corp” , “Sistem Mühendislik Inşaat Sanayi” жана Латвия жараны Валерий Белокон, Кыргызстандын Өкмөтү “Центера Голд” компаниясын башкарууда бир катар мыйзам бузууларга жол берип, 4 доогерге жалпы 165 миллион долларлык чыгым келтирди деген жүйө менен сотко беришкен.

Канаданын Аппеляциялык соту доогерлердин арызын канааттандырбай, 2016-жылдын 29-декабрында Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарган. 3 компания кайра арыз менен кайрылышканда Канаданын Жогорку соту 2017-жылдын 15-июнунда сот өткөрүп мурдагы чечимин күчүндө калтырган.

Башкача айтканда бул маселе, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен чечилген эмес.

Кумтөрдүн айланасындагы чыр. Канада жана Кыргызстан

Буга чейин, 7-май күнү, Октябрь райондук соту Кумтөр алтын кенин иштеткен компанияны алтын казуу учурунда экологияга эбегейсиз зыян бергендиги үчүн ишин токтотуу чечимин чыгарган. Ал эми, 12-майда Кумтөр Голд Компаниинин ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы чыгарылып, сот Канадалык компаниядан 459 миллиард сом же 4 миллиард 252 миллион доллар өндүрүп алуу чечимин кабыл алган. Ошондой эле, 14-май күнү бул суммага 2,1 миллиард сом кошуп төлөп берүүгө милдеттендирген.

Канадалык “Centerra Gold inc” компаниясы бул дооматтарды четке кагып, 16-май күнү Кыргызстандын өкмөтүнө каршы Нью-Йорктогу арбитраждык сотко кайрылган.

Арызда, Кыргызстан бийлиги мурда кол коюлган келишимдерди аткарбай жатканы жана бир катар эл аралык мыйзамдар бузулуп жатканы айтылган.

Жыйынтык: Кумтөр маселеси боюнча Онтарио Арбитраждык соту Кыргызстандын пайдасына 2017-жылы чечим чыгарган. Ага президент Садыр Жапаровдун тиешеси жок. Ал эми азыр, Канадалык компания менен Кыргызстандын сот процесстери жыйынтыктала элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты