​Борбор шаарда күндүзгү стационарлар иштей баштады

  • 3 года мурун

Бишкек шаарында коронавирус менен ооругандар үчүн күндүзгү стационарлар ачыла баштады.

Алар:

Биринчи май району — 83-мектеп (П.Лумумба көчөсү, 10);

Ленин району — №95-мектеп («Жогорку Жал» кичи району, 45);

Свердлов району — №94-мектеп («Дордой» конушу, 487/4);

Октябрь району — «Сейтек» мектеби (Анкара көчөсү, 1/8).

Күндүзгү стационарларда өз убагында квалификациялуу жардам көрсөтүү үчүн керектүү шарттар түзүлгөн жана кычкылтек концентраторлору менен толук камсыздалган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталып, ооруга чалдыккандардын саны күн сайын өсүүдө. Эксперттер
жакынкы 2 жумада COVID-19 катуу күч алаарын да эскертишкен.

Бишкек шаардык мэриясы менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга кызматкерлеринин 50 пайызын аралыктан иштөө режимине которууну сунуш кылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты