​Индияда коронавируска каршы вакцина албагандарга “Менден алыс болуңуз, мен ковидге эмделген жокмун” деген белги тагылганы чын

11-июнь күнү, Одноклассники социалдык тармагында “Индия Өкмөтү эмделбеген жарандарды эскертүүчү белгилерди тагууга мажбурлап жатат”,- деген видео тараган.

Анда, коронавируска каршы вакцина албаган адамдарга “Мен эмделген жокмун, менден алыс болгула” деген белги тагылса, эмдөөдөн өткөндөргө “Мен патриотмун, анткени вакцина алдым” деген төш белги тагылып жатканы айтылат. Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Аталган видео эң алгач, 9-июнь күнү Asia News International маалымат агенттигинин Telegram каналына жүктөлгөн.

Invid программасынан белгилүү болгондой бул видео Индияда тартылган.

Ал эми, сүрөттө көрсөтүлгөн кагаздагы жазууларда хиндиче “Mujhse dur rahein, maine abhi corona ka tika nahi lagwaya” деген сөз жазылганын байкоого болот.

Бул сөздү кыргызчага которгондо “ Менден алыс болуңуз, мен Ковидге каршы эмделген жокмун” деген маанини берет.

Индиядагы “Hindistan Times” маалымат сайтынын билдирүүсүнө ылайык, аталган окуя Мадхья-Прадеш штатындагы Нивари районунда жайгашкан Притвипур аймагында болгон. Анда, жергиликтүү полиция кызматкерлери жолдорду текшерип, жарандардын вакцина алып албаганын сурашкан. Эмдөө албаган жарандарга плакаттар илинип 2 күндүн ичинде вакцина алуу боюнча убада берүүгө үндөшкөн.

Нивари районунун башчысы Алок Кумар Сингх бул коронавируска каршы күрөшүүнүн бир методу экенин белгилеп, эч кимди дискриминация кылууну көздөбөй турганын билдирген.

Ошондой эле, Сингх бул өзгөчө айыл жерлеринде жашаган тургундары чечкиндүүлүккө үндөөгө багытталган кадам экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Индия коронавирус жугузгандардын эң көп саны боюнча АКШ дан кийинки экинчи орунда турат. Өзгөчө апрель айында Индияда Covid-19 жуктургандардын жана каза болгондордун саны кескин көбөйүп, өлгөндөрдү чогуу өрттөй башташкан. Азыркы учурда жалпы Индиянын 14,92%ы гана эмделген.

Жыйынтык: Индияда коронавируска каршы эмдөө албаган жарандарга эскертүүчү белгилер илингени чындык. Бирок, ал кемсинтүү ирээтинде эмес калкты вакцина алууга үндөө болгону айтылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты