Парламенттик шайлоонун датасы качан айтылат? Президенттик администрациянын түшүндүрмөсү

  • 3 года мурун

3-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында «Бир Бол» фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов өлкө парламентине депутаттарды шайлоонун датасын белгилөө маселесин көтөрүп, Президент кийинки чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан кечиктирбестен дайындашы керек болчу деген оюн айткан.


Буга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын айрым ченемдеринин иштөөсүн токтото туруу жөнүндө мыйзамга Президенттик администрация түшүндүрмө берди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым жоболорун токтото туруу жөнүндө» мыйзамдын 1-беренеси менен өткөн шайлоо жараксыз деп табылган учурда кайрадан шайлоо өткөрүү маселесин жөнгө салуучу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелерин колдонууну токтото туруу каралган.

Жогорудагы конституциялык мыйзамдын аталган беренелерин токтото туруу өлкөдөгү коомдук-саясий, эпидемиологиялык жана ага байланыштуу экономикалык кырдаалды турукташтыруу, коомдун кеңири катмарынын пикирин эске алууга жана конституциялык реформа жүргүзүүгө байланыштуу шайлоо процессине калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгы менен шартталган.

Ушул конституциялык мыйзамдын 2-беренесинде 2020-жылдын 4-октябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жараксыз деп табууга байланыштуу, Жогорку Кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоо же жаңы шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен жарыяланат деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумда Жогорку Кеңешти түзүүнүн башка тартиби каралган жаңы Конституция кабыл алынган. Ал боюнча шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзам иштелип чыгып, кабыл алынышы керек. Ошонун негизинде гана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн.

Жаңы Конституциянын 76-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Эски Конституция боюнча 120 депутат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси боюнча (55 мандат) жана бир мандаттуу округдардан (35 мандат) түзүлөт деп болжолдонууда. Эски Конституцияга жана учурдагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндөгү аракеттеги мыйзамга ылайык, 120 мандатка депутаттар саясий партиялардын тизмеси боюнча гана шайланат.

Бир жагынан эски Конституция жана аракеттеги шайлоо мыйзамдарынын, экинчи жагынан жаңы Конституция жана шайлоо жөнүндөгү иштелип чыккан мыйзам долбоорунун ортосундагы карама-каршылыктар иштеп жаткан конституциялык мыйзамдын буга чейин токтотулган 38 жана 63-беренелерин жандандырууга жана жаңы шайлоону же кайрадан шайлоону дайындоого жол бербейт.


Президенттин 2021-жылдын 23-мартындагы №33 буйругу менен түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу тобу тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоору иштелип чыккан. Мыйзам долбоору коомдук талкуу жол-жобосунан өтүүсү үчүн 2021-жылдын 29-майында Президенттин сайтына жайгаштырылган.

Бул мыйзам долбоору жарандардын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлануу укугунун камсыздалышын эске алуу менен, жакында парламенттин кароосуна киргизилет.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жана күчүнө кириши жаңы Конституция боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону дайындоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты