Рыскелди Момбеков УКМКга чакырылган, бирок чакыруу кагазы жиберилген эмес

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков дагы УКМКга суракка чакырылды.


Бул тууралуу эл өкүлү өзү билдирди.

«Кечээ УКМКданмын деп бирөө чалып, суракка чакырылып жатканымды айтты. Мен атайын чакыруу жибергиле дедим. Дарегимди айтып бердим. Мен кайсы иш боюнча десем, «Кумтөр» боюнча дейт. Менин бул ишке кандай тиешем бар? Бешинчи чакырылыштын депутаты болбосом, өкмөттүн мүчөсү болбосом? Эртеден бери расмий чакыруу кагазын күтүп жатам», — деген Рыскелди Момбеков.

Эске сала кетсек, Рыскелди Момбеков парламент депутаты катары өлкөдөгү бир катар окуяларга ар дайым өзгөчө пикирин билдирип, мыйзамсыз иштер боюнча ачуу сынын айтып келет.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты