Нуржан Шайлдабекова: Шайлоодон кийин партия башчылары талапкерлердин тизмесин өзгөртө албагандай болушу керек
- 3 года мурун
Бүгүн, 25-майда шайлоо системасынын күнгөй-тескейине арналган тегерек столдо Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова:
«Былтыркы парламенттик шайлоодо мыйзам бузууларга өз убагында бөгөт коюп, чара көрүүгө мамлекеттик бийликтин эрки жеткен эмес. Быйылкы 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо ошондой саясий эрк көрсөтүлдү», — деди.
Ошондой эле Шайлдабекова шайлоону үзгүлтүккө учураткан партиялардын жоопкерчилигин да катаалдаштырып, жалган партиялык системаны түп-тамырынан бери жок кылып, саясий бирикмелердин лидерлери добуш берүүнүн жыйынтыктары чыккандан кийин талапкерлердин тизмесин өзгөртө албагандай ачык тизмелерди киргизүү керек экенин кошумчалады.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү