​Арча-Бешикте мыйзамсыз берилген 28 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Ленин районунда мыйзамсыз берилип кеткен баасы 28 273 693 сомду түзгөн жер тилкелери мэрияга кайтарылды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылдын 16-мартында жер мыйзамдарынын талаптары бузуу менен “кызыл” сызык чегинен тышкары жайгашкан, “Арча-Бешик” жаңы конушундагы 5 жер тилкесин турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берип жиберишкен.

Доо арыздар толук канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине алынды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты