​«Кумтөр» менен соттошуу үчүн 1,5 млн доллар сарпталат. Бирок, бул акыркы сумма эмес

  • 3 года мурун

«Кумтөр» ишканасы менен болгон эл аралык соттордо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн «Кыргыз алтын» менен Arnold & Porter жана Gold Goodmans компанияларынын ортосунда келишим түзүлгөн.

Ошондой эле Канаданын өзүнөн PR-компанияны жалдап, «Центерранын» болгон иш-аракеттерин ачыктаган материалдардын сериясы даярдалып, белгилүү басылмаларга жарыяланат.

«Бул иштерге коротула турган 1,5 миллион доллар «Кыргыз алтындан» жана «Кумтөрдөн» алынган дивиденттердин эсебинен каралган. Бул акча жетпей да калышы мүмкүн. Анткени арбитраждык сот канчага чейин уланаары белгисиз», — дейт мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты