22-январда: Айрым аймактарда кар жаап, туман түшөт

  • 5 месяцев мурун

22-январда күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8° суук, күндүз 0…2° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты