22-мартта: Айрым аймактарда 22-градуска чейин ысык күтүлөт   

  • 3 месяца мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 22-мартта, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында жаан жаап өтөт, тоолуу райондорго кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:  

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21;

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +9…+14;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна  1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты