22-июнда: Көпчүлүк жерлерде жаан жаашы күтүлөт

  • 12 месяцев мурун

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 22-июнда, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунун көпчүлүк жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндүү жерлеринде жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Талас, Баткен облустарында жаан күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.   

  Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…21, күндүз +29…34;

Талас облусунда түнкүсүн +13…18, күндүз +28…33;

Баткен облусунда түнкүсүн +18…23, күндүз +31…36;

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +18…23, +күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…12, күндүз +19…24;

Бишкек шаарында күндүз жаан күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты