22-июнда: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт, күн күркүрөйт
- 4 месяца мурун
22-июнда күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймктарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына секундуна 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36
Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күңдүз 21…26
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күңдүз 20…25
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысыйт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




