22-июлда: Айрым жерлерде 39 градуска чейин ысык болот
- 11 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 22-июлда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана башка жерлерде жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +32…+37;
Баткен облусунда түнкүсүн +22…27, күндүз +34…+39;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +22…+27, күндүз +34…+39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;
Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +20…+22, күндүз +36…+38 градус.
Сүрөт: «ПолитКлиника»




