22-августта: Көпчүлүк аймакта жаан жаашы күтүлөт
- 2 месяца мурун
Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, бүгүн, 22-августта, күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Бишкек шаарында эртең менен жана күндүз өткүн өтөт. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +29…+31.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




