22-апрелдеги аба ырайы
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 22-апрелде, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 18…20° болот.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү