Чек арадагы окуядан улам 283 адам курман болду деген маалымат жалган (Фактчекинг)
- 3 года мурун
- Фактчекинг
Социалдык тармактын “Фейсбук” баракчасынын колдонуучулар “Кыргыз-тажик чырынын кесепетинен 283 адам каза болду”, — деген билдирүү таратышууда.
ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
1-майда саат 12:00 гө карата жабыркагандардын жалпы саны 163 адамга жетип, 33 адам көз жумган.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифингде билдирген.
Ошондой эле, Баткенден Бишкекке 49 жабырлануучу алынып келингенин айтат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуунун кесепетинен көз жумгандар:
- Кубанычбеков Эсентур, 1991-жылы туулган, Мекен сакчысы
- Юлдашев Бекзат Давлатжанович, 1991-жылы туулган, Мекен сакчысы
- Манасбек уулу Нурсултан, 1992-жылы туулган; Мекен сакчысы
- Сайдаров Махамадрасул 1985-жылы туулган; Баткен облусунун Кара-Бак айылынын тургуну;
- Рахматжанова Мадина, 2008-жылы туулган; Кулунду айылынын тургуну.
- Абдрахманов Баяман Гапарович, 1998-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;
- Каратаев Сагын Калбаевич, 1977-жылы туулган, Көк-Таш айылынын тургуну
- Тагаев Сүйүн Ураимович, 1969-жылы туулган: Баткен шаары
- Каработоев Алтынбек Жалилович, 1982-жылы туулган: Кадамжай шаарынын тургуну
- Үсөн уулу Рашид, 1973-жылы туулган: Баткен шаарынын тургуну
- Ганиев Жамшит Каиимович, 1990-жылы туулган, Чет- Булак айылынын тургуну
- Нурумбаев Дастан Пайзуллаевич, 1983-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын тургуну
- Махмадали уулу Мидин, 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну
- Мусаев Уланбек Эшанкулович, 1991-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну
- Темирбаев Чыңгыз Темирбаевич, 1995-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну
- Бактияров Салим Эрмаматович, 1963-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын тургуну.
- Эргешали уулу Тынчтыкбек, 1991-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну
- Саттаров Турдубай Азимович, 1988-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну
- Камчиев Медербек Абдисаматович, 1995-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну
- Аманов Жаркынбек Асанович, 1988-жылы туулган, Бужум айлынын тургуну
- Абдурахманов Мурзабек Абдыгапарович, 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну
- Абдывахап уулу Султанбек, 2002-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну
- Бахридем уулу Өмүрбек 2003-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну
- Тажибаев Мооланбекбек Кошумбетович,1990-жылы туулган, Жаңы-Жер айлынынын тургуну
- Тагайбаев Алижан Жураевич, 1990-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну
- Жигиталы уулу Дооатбек, 1998-жылы туулган, Кара -Бак айылынын тургуну
- Исманов Тойчубек, 1958-жылы туулган, Кашка-Жол айылынын тургуну, Кара-Кулжа району
- Зикиров Шухратбек Умарбекович, 1989-жылы туулган, Ак-Сай айылынын тургуну
- Арыппай уулу Шумкарбек (Айылы, туулган жери такталып жатат)
- Асанов Аманидин Жамалидинович, 1972-жылы туулган.
- Кудайбердиев Махмутжан, 1966-жылы туулган, Интернационал айылынын тургуну.
- Ражаманов Пахлава, 1931-жылы туулган, Интернационал айылынын тургуну.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.
Жыйынтык: Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам 283 адам курман болду деген маалымат жалган. 1-майда саат 12:00 гө карата жабыркагандардын жалпы саны 163 адамга жетип, 33 адам көз жумган.