​“Мындай баа дүйнө жүзүндө жок!” Кыргызстандын электр тармагына кирип жаткан өзгөрүүлөр тууралуу эмнелер белгилүү? (Фактчекинг)

21-апрелде, президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылган. Ал, аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керектигин билдирген.

Бул боюнча, электр энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйынын уюштуруп, дүйнө жүзү боюнча Кыргызстандын энергетикасынын баасы эң арзан экенин жана экономикалык кризисти эске алуу менен бааны жогорулатуу мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгилеген.

Аталган билдирүү, социалдык тармактын колдоонучулары арасында түрдүү пикирлерди жараткан.

ПолитКлиника медиасы, Кыргызстанда электр энергиясынын баасы жылдар аралыгында кандай өзгөргөнүн жана дүйнө жүзү боюнча Кыргызстандын энергетика тармагы эң арзан деген маалыматты текшерип көрдү.

Электр энергиясы 77 тыйындан 1 сом 48 тыйынга көтөрүлөт

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн тариф акыркы жолу 2014-жылы өзгөртүлгөн. Ошол убактан бери, 700 кВт саатка чейинки электр энергиясына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөнөт. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн тариф 2 сом 24 тыйынды түзөт.

Ал эми президент Садыр Жапаров сунуштап жаткан энергия төлөмдөрүндө, калк кирешесине жараша 3 категорияга бөлүнөт. Алар:

  1. Аз камсыз болгон үй бүлөлөр — 74 тыйындан төлөп, 700 кВтттык чектөө алынат. Бул азыркы баага салыштырмалуу 3 тыйынга аз. Мисалы мурдагы баа менен 700 кВт сааттык электр энергиясына 539 сом төлөнсө, ошол эле энергия үчүн 518 сом төлөнөт. Демек аз камсыз болгон үй бүлөлөр мурдагыга салыштырмалуу электр энергиясы үчүн 21 сомго аз төлөйт.
  1. Тоолуу жана жашоо шарты оор алыскы райондорго электр энергиясынын баасы 1 сом 04 тыйындан көтөрүлүп, 700 кВттык чектөө алынып салынат. Мурда 700 кВт үчүн 539 сом төлөгөн алыскы аймактын жашоочулары, 1 сом 04 тыйындык тариф менен 728 сом төлөөгө милдеттендирилет. Бул мурдагы баага салыштырмалуу 189 сомго көп.
  1. Үчүнчү категорияга жашоо шарты жакшы жарандар кирген. Алар электр энергиясы үчүн 1 сом 48 тыйындан төлөйт. Бирок суу тартыштыгына байланыштуу кышында төлөмдүн экинчи тепкичи жүргүзүлүп, 1000 кВт ашса 2 сом 29 тыйындан төлөнөт. Мурдагы 77 тыйындык тариф менен 539 сом төлөгөн жарандар, 1 сом 48 тыйын менен эсептегенде 700 кВт электр энергиясы үчүн 1036 сом төлөйт. Бул мурдагыга караганда 497 сомго көп.

22-апрелде, баалардын кымбатташы боюнча электр энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев өндүрүлүп чыккан электр энергиясы калктын муктаждыктарын толугу менен камсыздай албай жатканын, өзгөчө бул абал кыш мезгилинде көп байкалаарын айткан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда энергиянын 30%га жакыны “Токтогул” ГЭСинде өндүрүлүп келет. Бирок, акыркы жылдары суунун көлөмүнүн төмөндөгөнүнө байланыштуу Кыргызстандын электр тармагы критикалык абалга кептелип бара жатат.

Кыргызстан электр энергиянын арзандыгы боюнча 7-орунда турат

“GlobalPetrolPrises.com”дун жүргүзгөн мониторингине ылайык, 2020-жылы Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн арасында электр энергиясынын арзандыгы боюнча 7-орунда экени маалым болгон.

Сүрөттө көрсөтүлгөн баалар, АКШ доллары менен эсептелип Кыргызстандагы электр энергиясынын баасы Африкадагы жана ага жакын өлкөлөрдөгү электр энергиясына төлөнгөн суммага жакын экени белгиленген.

Ал эми, Орто Азия боюнча, Кыргызстан коңшу мамлекеттерге караганда электр энергиясын алда канча арзан сатып алат.

Мисалы, Казакстандын жарандары 1 кВт электр энергиясы үчүн 2 сом 82 тыйындан баштап төлөсө, Тажикстандыктар 1 сом 28 тыйын төлөйт.

Белгилей кетсек, 2021-жылдагы Кыргызстандагы минималдуу айлык акы 1854 сомду түзөөрү белгиленген.

Бул айлык акы коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бир кыйла төмөн. Алсак, коңшу Тажикстанда минималдуу айлык акы 35 доллардын тегерегинде болуп, Кыргызстандыкына караганда 13 долларга көп.

Жыйынтык: Кыргызстан дүйнөдө электр энергияны эң арзан саткан өлкөлөрдүн арасынан биринчи эмес жетинчи орунда турат. Ал эми коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу электр энергиясын арзан сатып алганы чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты