​Бишкек баатырдын эстелиги: Купулуңузга толдубу?

  • 3 года мурун

Борбор шаарда кечээ, 14-апрелде, Бишкек баатырдын эстелиги ачылды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө шаар жана анын тургундарына бул иш-чаранын маанисин белгилеп, Бишкек баатыр, ага байланышкан тарыхый окуяларга токтолду жана кыргыз жерин баскынчылардан бошотууда анын сиңирген эмгегин белгиледи.

Иш-чарада ошондой эле өнөр жай тармагына эмгек сиңирген ишмер Карыпбек Алымкулов, Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов, Бишкек баатырдын тууганы Тургунали Арипов, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов, экс-премьер-министр Темир Сариев сөз сүйлөштү.

Бишкек Кенен уулу (Бишкек баатыр) — 18-кылымда жашаган тарыхый инсан. Ал кыргыз элинин душмандарына каршы улуттук-боштондук кыймылын жетектеген.

Бишкек баатырдын эстелиги колодон жасалып, анын бийиктиги үч метрден ашат.

Жаңы эстелик маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин имаратынын чыгыш тарабында, Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишине жакын жерде орун алган.

Социалдык тармактарда Бишкек баатырлын эстелигин сынга алгандар да болдую Тон кийип, бирок баш кийимсиз, өтө эле албеттүү болгону жана башка сын айтылууда.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты