​Бишкекте добуш сатып алуу фактысы боюнча иш козголду

  • 3 года мурун

Бишкектеги №1208 шайлоо участогунда добуш сатып алуу аракети болгонун анда тартипке көз салып турган милиция кызматкери кабарлаган. «А» аттуу жаран НДПК партиясына добуш топтоо максатында шайлоочуларга 1000 сомдон акча таратканын билдирген.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сз кызматы билдирди.
Милиция бул факты тууралуу жоруктар кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») менен иш козгоп, сотко чейинки өндүрүшкө алды.
Тергөөнүн жыйынтыгында шайлоо тилкесинин жанынан «Равон» үлгүсүндөгү автоунаадан үч жаран «добуш сатып алууга» шек саналып, кармалган. Унааны тинтүү учурунда НДПК партиясынын үгүт материалдары табылган. Ал эми Ю. Б. аттуу жарандын капчыгынан 18,7 миң сом, 202 доллар, 4000 рубль алынган.
Шектүүлөр милиция бөлүмүнө жеткирилген. Тергөө уланууда. Аталган партияга буга байланыштуу азырынча үн ката элек.Ички иштер министрлиги 11-апрелдеги шайлоо жана референдумга добуш берүүдө түрдүү мыйзам бузууларга байланыштуу 70 кайрылуу келип түшкөнүн кабарлаган. Анын отузу тастыкталбагандыктан, иштен кыскартылган.

Сүрөт: Бишкек ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты