​Референдумга катышуудан баш тартса, акт түзүлбөйт (Фактчекинг)

Бүгүн, 11-апрель күнү Ольга Туруханова аттуу Фейсбук колдонуучусу №7149 Шайлоо участогунда референдумга катышуудан баш тартты деген акт түзүлгөндүгү тууралуу жазып, видеосун жүктөгөн.

ПолитКлиника медиасы, шайлоочу референдумдан баш тартууга укугу барбы же жокпу, бул жагы мыйзамда кандай каралганды тууралуу изилдеп көрдү.


Референдумга катышуу эркин болуп саналат

КРнын Конституциялык мыйзамынын “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндөгү” бөлүгүнүн 3-беренесине (Референдумду өткөрүү принциптери) ылайык, референдумга катышуу эркин болуп саналат.

Ошол эле берененин 4-пунктунда, жаранды референдумга катыштырууга же катыштырбоого мажбурлоо максатында эч кимдин таасир тийгизүүгө укугу жок. Жарандын өз эркин билдирүүсүн контролдоого таптакыр тыюу салынат. Референдумдун жүрүшүндө эч ким өз пикирлерин жана ынанымдарын билдиришине же андан баш тартышына мажбурланышы мүмкүн эмес.


Ал үчүн акт түзүлбөйт

КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” берген маегинде жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга добуш берүү же катышпоо жөнүндө түшүндүрмө берген.

Маалым болгондой, шайлоочу референдумга добуш берүүчү документти алуудан баш тартып, добуш бербөөгө укукту. Андай факт катталса акт түзүлбөйт экендигин билдирген.

Мындай учурда акт түзүлбөйт. Жаран референдумга добуш берүүгө катышкысы келбесе, эч нерсе болбойт. Бир гана нерсе, ал бюллетенди өзү менен кошо алып жүрүүгө укугу жок”, — дейт Абдыжапар Бекматов.

Абдыжапар Бекматов кошумчалагандай, эгерде бюллетенди колуна алган болсо, анда өз тандоосун жасашы керек.

Жыйынтык: Мыйзамда каралган референдумду өткөрүү принциптерине ылайык, референдумга катышуу эркин болуп саналат. Жаран референдумга катышуудан баш тартса, ал үчүн акт түзүлбөйт.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты