Бабур Тольбаев орточо кыргызстандыктан 116 эсе көп киреше табат (Фактчекинг)

“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, Бабур Тольбаев 1-апрель күнү Фейсбук баракчасына “Бабур Тольбаев Бишкектин мери болуусу үчүн 12 себеп” деген билдирүүсүн жарыялаган. Билдирүүдө партия лидери 13 жыл ичинде физикалык жак катары мамлекеттик бюджетке 65 миллион сомдон ашуун салык төлөгөнүн жана 100 миллион доллардан ашуун инвестицияларды тартканын жазган.

ПолитКлиника медиасы Бабур Тольбаевдин үгүт иштеринде колдонуп жаткан 2 билдирүүсүн текшерип көрдү.

1-билдирүү: “13 жыл ичинде физикалык жак катары бюджетке 65 миллион сомдон ашык каражат төлөдүм”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында, жеке жактар салыктын үч түрүн төлөй турганы жазылган: Алар:

  1. Киреше салыгы — Кыргыз Республикасынын бардык жарандары өз кирешесинин 10%ын салык катары төлөйт.
  1. Жер салыгы — жеке тарап ээлик кылган жердин көлөмүнө жараша салык төлөйт. Жер салыгы Кыргыз Республикасынын региондоруна жараша айырмаланат.
  1. Мүлк салыгы — Кыргыз Республикасынын аймагында жеке тарапка катталган ар кандай мүлктөрдүн түрлөрү. Мисалы, турак жайлар, автоунаа, пансионаттар жана башкалар.

Бабур Тольбаевдин мамлекеттик бюджетке төлөдүм деп айткан салыгын карап көрө турган болсок, ал 13 жыл бою ай сайын мамлекеттик бюджетке 417 миң сом төлөп келген болот. Мындай көлөмдөгү салыкты төлөө үчүн, ал орто эсеп менен ай сайын 4 миллион 200 миң сом киреше таап туруусу керек.

Улуттук статистиканын маалыматына ылайык 2020-жылда орточо айлык 17 миң 999 сомду түзгөн. Ал эми, эң жогорку айлык алгандар финансы жана тейлөө тармагында иштегендер деп 36 миң 28 сом экени белгиленген.

Жыйынтык: Бабур Тольбаев жеке жак катары канча мүлкү бар экени жана кирешеси жөнүндө так айткан эмес. Бирок, физикалык жак катары 13 жылда 65 миллион салык төлөсө, анда орточо эсеп менен жөнөкөй Кыргызстандыктан 116 эсе көп киреше табат.

2-билдирүү: “100 миллион доллардан ашуун акчага инвестиция тартып келдим”

Бабур Тольбаев Бишкек шаардык кеңешине депутат болуу үчүн, үгүт иштеринде Кыргызстанга 100 миллион долларга инвестиция тартып келгенин байма-бай айтып келет.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери Бабур Тольбаевдин жеке сайтында Монголиядан, Аравиядан жана Россиядан ар кандай инвестицияларды тартып келгени жазылган. Бирок, ал кайсы компаниялар жана канча өлчөмдөгү инвестициялар экени так көрсөтүлгөн эмес.

Жыйынтык: Маалымат так көрсөтүлгөн эмес, ошондуктан ишенимдүүлүгү төмөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты