​“Жалпы иш”: Жергиликтүү шайлоолор алдындагы негизги күрөш Бишкек жана Ош шаарларында жүрүүдө

«Жалпы иш» коомдук фонду 11-апрелге дайындалган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдык көрүү боюнча байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө алдын-ала отчетун даярдады.

Мында шайлоо дайындалган учурдан тартып 2021-жылдын 15-мартынан 4-апрелге чейинки мезгил камтылган. Анда мындай негизги учурлар белгиленген.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен референдумду бир өткөрүү коомчулукта кызуу талаш жаратты

— Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөрү, ага кошуп жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум дайындоо чечими коомчулукта кызуу талашты жаратты. Мындай көрүнүш үчүнчү ирээт кайталанып атат — буга чейин референдум үч жолу шайлоо менен бирге өткөрүлгөн. Депутаттар мунун бирден-бир себебин каражаттарды үнөмдүү сарптоо максатында өткөрүлүп атканын айтып келишет.

Бирок референдумду мындай тез убакытта дайындоо менен ага тийиштүү көңүл бурулбай жана жаңы Конституциянын алкагында өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгүн толук түшүнүүгө мүмкүндүк бербей калат. Эки шайлоо процессин бириктирүү менен референдумга катышууну камсыз кылуу максатында өткөрүлүп аткандыгы тууралуу каршы пикирлер дагы айтылып келет.

Азыркы даярдалган отчет жергиликтүү шайлоого даярдык көрүү боюнча байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында даярдалган.

Жергиликтүү кеңеш шайлоолору алдында кандай кемчиликтер кетирилүүдө?

-Жергиликтүү шайлоого ат салышуу, мурункулардай болуп (парламенттик добуш берүү жана президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосундагыдай) пандемия шартында жана экономикалык кризис учурунда өткөрүлүп жатат.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо атаандаштык курч жүрүүдө. Бул арада жаңы көптөгөн партиялардын пайда болушу жана алардын ат салышууга жигердүү умтулуусу коомчулукта прогрессивдүү көз караш менен жаңы адамдарга талап болуп жатканын байкоого болот.

Маалыматка ылайык, шайлоонун алдындагы өлкөдөгү коомдук-саясий абал салыштырмалуу тынч. Жалгыз гана жергиликтүү аймактарда кооптуу абал эки жерде байкалууда. Биринчиси- Ош шаарында саясий партиялардын курчуп кеткен мамилелеринен улам, ал эми экинчиси,-Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаалдан жана курч ат салышуудан улам байкалууда.

Шайлоону уюштурууда олуттуу көйгөйлөр байкалбаганын белгилесе болот. Саясий партиялардан талапкерлерди чыгарып салуу жана каттоодон алып салуу, жарандарды мыйзам бузууларга каршы чара көрүү чаралары жөнүндө маалымдоо жаатында өзгөчөлүктү белгилөөгө болот. Муну тастыктап кетчү нерселерден, борбордук аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) «Ак Бата» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер Ыргал Кадыралиеваны тизмеден чыгарып салуусу жана шайлоо өнөктүгүн өткөрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн партияга жазуу жүзүндө эскертүү берүүсү болуп саналат.

Бирок, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын даттанууларын жана арыздарын кароо процессине көңүл буруу керек. Мисалы, кээ бир АШКлар келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды белгиленген мөөнөттө ар дайым эле карай бербейт.

Негизинен үгүт иштерин жүргүзүү жаатында, үгүт материалдарына зыян келтирүү, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жана добуштарды сатып алуу сыяктуу эреже бузуулар катталып атканын «Жалпы иш» коомдук фонду тарабынан анализдөөдө байкалды.

Кыргызстан бүгүнкү күндө, мыйзам чыгаруу базасын жана шайлоо процессинин институттук негиздерин жакшыртууга карабастан, бул жаатта дагы деле кээ бир тоскоолдуктарга туш болуп келатат.

Өлкөнүн шайлоо мыйзамдарында ар кандай деңгээлдеги шайлоону жөнгө салган, бири-бирине шайкеш келбеген өзүнчө мыйзам актылары бар. Ушундан улам, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тандоо жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдей процесстердин ортосунда айырмачылыктар орун алган. Мисалы, пайыздык чекте, үгүт эрежелерин жана байкоо жүргүзүү процессинде айырмаланып турат.

Аталган коомдук фонд өткөн шайлоолорду талдоонун негизинде, ошондой эле эл аралык жана коомдук байкоочулардын сунуштарын эске алуу менен өлкөдө шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүүнү зарыл деп эсептейт.

Шайлоо алдында ЖМКларга жана социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, республиканын жалпы маалымат каражаттары жана социалдык тармактар шайлоо жүрүшүн жигердүү чагылдырып жатышат. Көбүнчө мыйзам бузууларга жана парага байланыштуу болгон. Тактап кетсек, фонд ушуга тийиштүү ЖМКлардан 57 басылманы кезиктирди.

Жалпысынан, шайлоо алдындагы негизги күрөш республикалык маанидеги шаарларда — Бишкек жана Ошто жүрүп жаткандыгын белгилөөгө болот. Бул шаарлардагы тандоонун жыйынтыгы күзүндө болчу парламенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү чөйрөсүн аныктап берээрин эксперттер белгилей кетишти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты