1-апрелден тартып Бишкекте 6-7-8 жана 10-класстар онлайн режиминде окууну улантат
- 4 года мурун
1-апрелден баштап Бишкекте 6, 7, 8 жана 10-класстын окуучулары онлайн режиминде билим алууну улантат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалиева брифингде билдирди.
Ал 9-марттан бери оффлайн режиминдеги абалды эске салды.
-Ушул мезгилде мектеп окуучуларынын арасында 13, мугалимдер арасында 14 ирет дарт аныкталды. Кийинки эки жума бизге эпидемиологиялык кырдаалды көрсөтөт жана мындан аркы чечимдер ошого жараша кабыл алынат, — деди Иманалиева.
30-мартка карата республика боюнча 113 учур катталса, анын 61и Бишкек шаарына туура келет.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү