​ДССУ кош бойлуу аялдарды COVID-19 вирусуна каршы эмдөөнү сунуш кылбайт (Фактчекинг)

Россиянын эмдөө боюнча профессору жана медицина илимдеринин доктору Гущин Владимир Алексеевич Елена Малышованын “Ден-соолукта жашоо!” (“Жить здорова”) берүүсүндө кош бойлуулар жана эмчек эмизген аялдарга, аларды коргоо максатында азыр COVID-19’га каршы эмдөө жасалбай тургандыгын билдирген.


ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Кош бойлууларда COVID-19’ду жуктуруп алуу коркунучу жогору

АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (Centers for Disease Control and Prevention) жана Иммунизациялоо Практикасы боюнча Көз карандысыз Консультативдик Комитети (ACIP) кош бойлуу аялдарга COVID-19 вакцинасын алуу боюнча чечим кабыл алууга жардам берүү үчүн маалыматтарды жарыялашкан.

Байкоо маалыматтары көрсөткөндөй, боюнда жок аялдарга салыштырмалуу кош бойлуу аялдарда COVID-19’ду жуктуруп алуу коркунучу жогору. Ошондой эле, COVID-19 менен ооруган кош бойлуу аялдарда баланын эрте төрөлүү коркунучу жогорулашы мүмкүн.

Клиникалык сыноодо, Moderna вакцинасын кош бойлуулукка чейин же кош бойлуулук учурунда алган келемиштерде коопсуздук маселелери байкалган эмес. Ал эми Pfizer-BioNTech вакцинасы боюнча изилдөө иштери улантылууда.


Эмдөөдөн кийин температурасы көтөрүлгөн кош бойлууларга парацетамол ичүү сунушталат

“Pfizer BioNtech вакцинасын колдонгон жаныбарларды изилдөөдө кош бойлуулукка, түйүлдүктүн өнүгүшүнө, төрөткө жана төрөттөн кийинки өнүгүүгө түздөн-түз же кыйыр таасирлери көрсөтүлгөн эмес”, — деп айтылат Европалык дары-дармек агенттигине берилген докладда.

Ошондой эле, эмдөөдөн кийин температурасы көтөрүлгөн кош бойлуу аялдарга парацетамол ичүү сунушталган. Ацетаминофендин кош бойлуулук учурунда коопсуздугу далилденген жана COVID-19 вакциналарына антитело реакциясына таасир этпейт.


Англия: Кош бойлуу мезгилинде эмдөө эмдигиче текшериле элек

Англиянын коомдук саламаттыкты сактоо уюму кош бойлуулук мезгилинде эмдөө эмдигиче текшериле электигин билдирген.

Андыктан кошумча маалымат чыкмайынча, кош бойлуулук учурунда кандайдыр бир клиникалык сыноолор башталганга чейин кош бойлуулук учурунда кадимки эмдөө сунушталбайт.

Pfizer BioNTech вакцинасынын клиникага чейинки маалыматтары Дары-дармек жана саламаттыкты сактоо өнүмдөрүн жөнгө салуу агенттиги (MHRA) тарабынан алынган жана текшерилген. Бул маалыматтар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана АКШ, Канада жана Европанын көзөмөлдөөчү агенттиктери тарабынан каралып, кош бойлуулуктун коопсуздугуна шек келтирбейт.

Astra-Zeneca COVID-19 вакцинасынын клиникага чейинки изилдөөлөрү эч кандай кооптонууну жараткан жок. Мындай шартта, эмдөө жөнүндө доктуруңуз же медайымыңыз менен сүйлөшүшүңүз керек.

Кош бойлуу жана эмизген аялдарга эмдөө сунуш кылынбайт

ДСУнун Иммунизация боюнча Стратегиялык Консультативдик Эксперттер тобу (SAGE) өзгөчө кырдаалда колдонууга бекитилген биринчи COVID-19 вакцинасын, Pfizer-BioNTech вакцинасын жайгаштыруу боюнча стратегиялык сунуштарын жарыялаган.

SAGE айтымында, Pfizer-BioNTechтин мРНК вакцинасы коопсуз жана натыйжалуу. Бирок, карама-каршы көрсөткүчтөрдөн, жабдуулардын жетишсиздигинен же чектелген маалыматтардан улам эмдөө сунушталбаган айрым калктар бар. Учурда бул популяцияларга оор аллергиясы бар адамдар, көпчүлүк кош бойлуу аялдар, артыкчылыктуу эмес чет элдик саякатчылар жана 16 жашка чейинки балдар кирет.

Кош бойлуу эмес аялдарга караганда, кош бойлуу аялдарда COVID-19ду жуктуруу коркунучу жогору. Ал эми COVID-19 эрте төрөлүү тобокелдигинин жогорулашына алып келиши мүмкүн. Мындан улам, учурда ДСУ кош бойлуу аялдарды эмдөөнү сунуш кылбайт.

Эгерде кош бойлуу аялдын инфекция жуктуруп алуу коркунучу жогору болсо (мисалы, кош бойлуу келин саламаттыкты сактоо кызматкери болсо), эмдөө дарыгер менен сүйлөшкөндөн кийин каралышы мүмкүн.

Эгерде эмчек эмизген аял эмдөөгө сунуш кылынган топто болсо (мисалы, саламаттыкты сактоо кызматкерлери болсо), анда эмдөө сунушталышы мүмкүн. Бирок, Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эмдөөдөн кийин эмчек эмизүүнү токтотууну сунуш кылбайт.

Жыйынтык: Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды COVID-19’га каршы эмдөөгө сунуш кылбайт. Эгерде кош бойлуу же бала эмизген келин саламаттыкты сактоо кызматкери болсо, эмдөө дарыгер менен сүйлөшкөндөн кийин гана каралышы мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты