21-майдагы аба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт
- 5 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 21-майда, күндүз көпчүлүк аймакта жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;
Бишкек шаарында түштөн кийин жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




