21-майдагы аба ырайы: Айрым жерлерде 35 градуска чейин ысыйт
- 1 год мурун
Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, бүгүн, 21-майда, түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаашы күтүлбөйт.
Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында жаан күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+33;
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз+ 27…+32;
Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +31…33 градус ысык болот.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




