21-июндагы аба ырайы: Айрым жерлерде өткүн өтөт
- 3 недели мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 21-июнда, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…21, күндүз +31…36;
Талас облусунда түнкүсүн +12…17, күндүз +30…35;
Баткен облусунда түнкүсүн +18…23, күндүз +31…36;
Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +18…23, +күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…11, күндүз +25…30;
Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтөт. Күндүз жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 33…35° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан