21-июлдагы аба ырайы: Айрым жерлерде 39 градуска чейин ысык болот
- 11 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 21-июлда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +32…+37;
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;
Баткен облусунда түнкүсүн +20…25, күндүз +34…+39;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +22…+24, күндүз +35…+37 градус.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы




