21-декабрда: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт
- 6 месяцев мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 21-декабрда, күндүз Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүндө кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Айрым жерлерге туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;
Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз -1…+1 градус.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




