21-апрелдеги аба ырайы
- 1 год мурун
«Кыргызгидромет» борборунун билдирүүсү боюнча , бүгүн, 21-апрелде, түнкүсүн Ош, Жалал—Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык—Көл облустарында жаан—чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда 4…9, күндүз 17…22;
Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы. Beka Shambetov




