21-апрелдеги аба ырайы
- 2 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 21-апрелде, күндүз Талас облусунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;
Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +17…+22;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +7…+9, күндүз +24…+26.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




