ИИМге журналисттердин укуктарын жана кесиптик ишмердигин камсыздоо боюнча кайрылуу
- 4 года мурун
- Баяндар
Жарандар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, шайлоочулар сизге журналисттердин укуктарын жана 2021-жылдын 10-январында боло турган Президентти шайлоодогу кесиптик ишмердигин камсыздоо маселеси боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылды.
Кайрылууда мындай деп айтылат:
-Кыргызстанда журналисттер жарандардын маалымат алууга байланышкан конституциялык укугун камсыздап, адамдардын жашоосуна таасир тийгизүүчү окуяларды жана көрүнүштөрдү изилдеп, бийликтеги коррупцияга журналисттик иликтөө жүргүзүп, коомдун турмушунда эӊ маанилүү роль ойнойт. Журналисттердин кесипкөй ишмердиги айрыкча шайлоо процессин чагылдыруу учурунда зор мааниге ээ болот.
Бирок акыркы жылдарда жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге кысым көрсөтүлүп, коркутуп-үркүтүү аракети жасалууда, укук сактоо органдарына жөнү жок эле суракка чакырып, миллиондогон сомдук айыпка жыгуу үчүн сотко беришүүдө. Социалдык желелерде өлкөдө болуп жаткан коомдук мааниси бар окуяларды күн сайын чагылдырган бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерине атайын уюштурулган онлайн чабуул жасалууда. Журналисттердин өмүрүнө жана ден соолугуна кол салабыз деген маанидеги опуза жасалууда.
Мындай жосундар октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланышкан митингдерди чагылдыруу учурунда айрыкча күч алды. Журналисттер коркутуп-үркүтүүгө, кол салууга кабылды. Журналисттерге карай ок атышты, кол телефондорун жана аппараттарын тартып алышты, өздөрүнө жаккандай кылып “туура чагылдыргыла” деп опузалашты. Мунун баары журналисттер “ПРЕССА” деген таанытма кемсел кийип, техникалык аппараттарды көтөрүп жүргөнүнө карабай жасалды. Бул окуялардын баарында укук сактоо органдары, анын ичинен ички иштер органдары журналисттерди талаптагыдай коргой алган жок.
Журналисттерге жана ЖМКга кол салуулар, аларды каралап, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролун жокко чыгаруу аракети буга чейин деле болуп келген. Дүйнө жүзүндө саясатчылар ЖМКга кастык кылганда бир гана максатты көздөйт – алардын үнүн өчүрүп, өздөрүнүн мыйзамга көбүнчө туура келбеген иштерине коомчулуктун көӊүлүн бурдурбай коюуну гана ойлойт. Бирок Кыргызстанда ЖМК – реалдуу төртүнчү бийлик. Жарандар кырсыкка тушугуп же адилетсиздикке кабылганда, алар журналисттерге кайрылып, жардам сурайт.
10-январда Кыргызстанда башкаруу формасы жөнүндө референдум өткөрүлүп, өлкөнүн президенти шайланат. Биздин өлкөдө көбүнчө шайлоо ар кандай эреже бузуулар жана бурмалоолор жөнүндөгү кабарлар менен коштолот, булар сөзсүз түрдө журналисттерге айтылат. Мамлекеттин журналисттерди коргоо милдети Конституция менен улуттук мыйзамдардан да, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринен да, ошондой эле биздин мамлекет катышкан эл аралык келишимдерден, атап айтканда, Адам укуктарынын жалпы декларациясынан, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактыдан да келип чыгат. Буга байланыштуу жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоого милдеттүү болгон мамлекеттик органдардан журналисттердин укуктарынын сакталышына өбөлгө түзүүнү, алардын ар кандай кысымдардан коргоону талап кылабыз.
Алсак, КР “Журналисттердин кесипкөй ишмердигин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин үчүнчү абзацына ылайык, журналисттердин жарандардын укуктарына, эркиндигине жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешеси бар, коомдук маанидеги маалыматтарды алуу укугу чектелбеши керек.
Мындан тышкары, КР “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, ички иштер органдарынын негизги милдети коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыздоо болуп саналат. КР “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, жарандардын тынч чогулуш өткөрүү укугун жүзөгө ашырууда ички иштер органдарына жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштешине шарт түзүү милдети жүктөлөт.
Ошондуктан биз укук сактоо органдары журналисттердин жарандардын укуктарына тиешеси бар маалыматтарды алуусуна көмөктөшүүсү керек, ал эми бул ченемди башка жарандар бузган учурларда, мындай жосундарга бөгөт коюшу, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн тийиштүү чараларды көрүшү керек деп эсептейбиз.
«Медиа Полиси Институту» КФ
«Журналисттер» КФ
Кыргызстан Журналисттеринин көз карандысыз бирлиги
«Кылым шамы» КФ
«МедиаКонсалт» КФ
«Медиа өнүктүрүү борбору» КФ
«24.kg» МА
«ПолитКлиника» медиасы