Ош облусунда жер титиреди
- 4 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 3-январында саат 07:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Арча-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү