​Жогорку Кеңештин компьютерлерине 6 млн.сом бөлүнгөнү чын. Фактчекинг

Facebook тармагында Жогорку Кеңеш 6 млн.сомго жаңы ноутбуктарды алганы жатканы жөнүндө пост тараган. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.



Жогорку Кеңештин маалымат катчысы Индира Куралбекова бул маалыматты тастыктады.

Бир күндө жети тендер жарыяланган


Мамлекеттик сатып алуу порталында 27-ноябрда Жогорку Кеңештин техникалык жабдууларына, программаларына байланышкан жети тендер жарыяланган.

Тендерлердин жалпы суммасы 13 291 675 сомго пландаштырылган.

Алар:

  1. Программалык камсыздандыруу (жыйындар залын системалык колдоо жана электрондук добуш берүү үчүн) — 3 153 925;
  2. Сервердик жабдууларга- 2 022 235;
  3. Компьютер, принтерлерге- 2 893 940;
  4. Жыйындар залына ноутбуктар, мониторлорго- 6 739 225;
  5. 300 колдонуучунун антивирустук коргонуусу үчүн программалык камсыздоо- 450 000;
  6. Электрондук товарлар, сантехникалык каражаттар- 476 600;
  7. Инструменттер жана материалдар- 449 690;

Садыр Жапаров: Оңдоп-түзөөгө 10 млн сом керектелет

Убактылуу президенттин милдетин аткаруучу болгон Садыр Жапаров өзүнүн баракчасында Жогорку Кеңешти оңдоп түзөөгө 10 млн.сомго жетпеген акча каражаты кетерин жазып чыккан. “Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат. Аны Ак үйдүн чыгымы экен деп адашып айтып жатышат. Аталган имаратты оңдоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыккам, 10 млн. сомго жетпеген каражат кетет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт”,- деген.

Бирок, депутат Акылбек Жапаров Ак үйдү оңдоп-түзөө үчүн 450 млн сом керектелерин айткан.

Буга чейин депутат Марлен Маматалиев өзүнүн Facebook баракчасына ар бир депутатка өзүнүн кабинетин оңдоп-түзөө иштерин өзү жүргүзүүсүн сунуштаган.


Ал эми 5-ноябрда Жогорку Кеңеш Ак үйгө келтирилген залакаларды эсептөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү токтомун кабыл алышкан.

Эскерте кетсек 6-октябрь түнү Парламеттик шайлоого каршы чогулган эл массалык түрдө Ак үйдү басып алышкан.

2010-жылы 7-апрелдеги революцияда да Ак үйдү талап-тоноо болгон. Ошол кездеги Президенттик администрациянын иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Нурбек Мамбетакуновдун билдиргени боюнча Ак үйдү оңдоого баш-аягы 40 миллион сом сарпталган. Ага өкмөт жана тышкы демөөрчүлөр жардамдашкан.

Жыйынтык: Жогорку Кеңешке жаңы ноутбуктарды, мониторлорду сатып алууга 6,5 млн.сомдон ашык акча бөлүнгөнү чын!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты