2024-жылдын мыкты мугалими аныкталды

  • 1 неделя мурун

«Жылдын мыкты мугалими — 2024» республикалык сынагынын баш байгесин Ош мамлекеттик университетинин «Билим» мектеп-лицейинде математика мугалими болуп иштеген Назгүл Каныбекова жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Аталган республикалык сынактын жобосуна ылайык, баш байгени жеңген мугалимге батир берилет.

Ошондой эле, жылдын мыкты предметтик мугалимдери белгилүү болду:

Мыкты башталгыч класстардын мугалими — Балтабаева Гүлнур Маматовна

Мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими – Рыскелдиева Атыркүл Зарлыковна

Мыкты орус тили жана адабияты мугалими – Алмаз кызы Мээрим

Мыкты математика мугалими – Жумукова Бүбүайша Жусуповна

Мыкты тарых мугалими – Заидов Азирет Манасович

Мыкты чет тил мугалими – Калтаева Чолпон Иманбековна

Мыкты география мугалими – Марат уулу Нуристан

«Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалими – Көчкөнбаева Сайрагүл Амангелдиевна

Мыкты көркөм-сүрөт искусствосу мугалими – Байдалиев Мирзат Шаяхмедович.

Маалыматта айтылгандай, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык маарекесинин алкагында өтүп жатат.

Сүрөт: edu.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты