Андрей Воропаев: Кабатыр болуунун кажети жок. ЖЭБде жагдай калыбына келтирилет (ВИДЕО)
- 4 года мурун
- Видео
Бүгүн, 29-октябрда, түштөн кийин Бишкектин ар кайсы жерлеринде жапырт электр жарыгы өчүп-күйүп, айрым жерлерде жылуулук жана ысык суунун берилиши үзгүлтүккө учурады.
Бишкек Жылуулук электр борборунун директору Андрей Воропаев кабатыр болууга негиз жок экенин, 110-линия үзүлүп, жогорку чыңалуудан коргонуу системасы иштеп кеткендигин, үзүлгөн линия «Түндүкэлектрого» караштуу экендигин билдирди. ЖЭБдин иши 75 % оңдолгонун кошумчалады.
“Түндүк электро” Бишкекте жапырт электр жарыгы өчкөндүгүнүн себебин Жылуулук электр борборунда болгон аварияга байланыштуу экенин айтты.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев “Түндүкэлектронун” 110-линиясы үзүлүп, ЖЭБде коргонуу системасы иштеп кетип, буу чыгарып жатканын, жагдай калыбына келээрин айтып, кайрылуу жасады.
Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров 27-октябрда Бишкек ЖЭБинин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерген.
Сүрөт: «ПолитКлиника»