20-январь: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт
- 4 недели мурун
Бүгүн, 20-январда, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчалык аймактарында жана башка жерлерде жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Ош облусунун тоолуу райондоруна кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Арм жерлерде мезгил-мезгили менен туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;
Баткен облусунда түнкүсүн -1… -6, күндүз +4…+9;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7 градус болушу күтүлөт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз максималдуу температура +7…+9° болушу күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан