20-ноябрда: Айрым жерлерде жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт
- 7 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 20-ноябрда, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда -2…+3, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9 градус;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5°, күндүз +14…+16 градус болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




