20-майда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу өчүрүлөт
- 1 год мурун
Бишкекте эртең, 20-майда, саат 09:00дан-23:00гө чейин айрым даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Өчүрүү району 7-апрель көчөсү – Медеров көчөсү – Жунай Мавлянов көчөсү –24/2 үйүнө чейин – Кара-Дарыя көчөсү менен чектешет.
Суу түтүктү чыгарууга байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкек сууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




