20-май: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 20-майда, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан жаашы күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт, күн күркүрөйт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;
Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;
Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26-31;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…8, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 26…28 градус ысык болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




