20-июндагы аба ырайы: Көпчүлүк жерлерде жаан жаайт

  • 3 недели мурун

Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 20-июнда, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтөт, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, күн күркүрөйт. Талас, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.  

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 29…34;

Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Баткен облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 30…35;

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан жаайт, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты