20-июнда: Көпчүлүк аймакта өткүн өтөт, күн күркүрөйт
- 4 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 20-июнда, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;
Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +30…+32.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




