20-июлдагы аба ырайы: Айрым жерлерде өткүн өтөт

  • 11 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 20-июлда, күндүз Ысык-Көл облусунда, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.  

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38;

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37;

Баткен облусунда түнкүсүн +21…26, күндүз +34…+39;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +22…+27, күндүз +34…+39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;

Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +23…+25, күндүз +36…+38 градус.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты