20-июлда: Айрым жерлерде 43 градуска чейин ысык болот
- 3 недели мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 20-июлда, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарында, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Ош облусунун өрөөндүү райондорунда жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +22…+27, күндүз +37…+42;
Талас облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +35…+40;
Баткен облусунда түнкүсүн +22…+27, түнкүсүн +37…+42;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +23…+28, күндүз +38…+43;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;
Нарын облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +30…+35;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +25…+27, күндүз +39…+41;
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн +18…20, күндүз +29…+31.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




