20-февралдагы аба ырайы: Жаан жаабайт, күн жылуу болот  

  • 4 месяца мурун

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн,  20-февралда,  күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:


Чүй облусунда  түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23;

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22;

Ысык-Көл облусунда  түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн+ 7…+9°, күндүз +21…+23 болот.

Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты