20-августтагы аба ырайынын божомолу  

  • 10 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 20-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +25…+30;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +15…+17, күндүз +33…+35 градус болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты