20-августта: Айрым жерлерде 37 градуска чейин ысык болот

  • 2 месяца мурун

Кыргызгидромет борборунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 20-августта, тоолуу аймактарда өткүн өтөт, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37;

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +29…+34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +34…+36.

Иллюстрациялык сүрөт: “ПолитКлиника”

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты