2-сентябрдагы аба ырайынын божомолу
- 10 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 2-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Чүй, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30;
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +10…+12, күндүз +27…+29 градус.
Сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




