2-сентябрдагы аба ырайы
- 1 неделя мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 2-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн +13…+15, күндүз +26…+28.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




