2-октябрда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт, айрым жерлерде үшүк күтүлөт
- 9 месяцев мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 2-октябрда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт, Чүй облусунун тоолуу райондорунда карга айланат, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас облусунда жаан күтүлбөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан катуу жаайт. Айрым жерлерге туман түшөт жана түнкүсүн үшүк күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 19-24 метрге чейин жетет.
Чүй облусунда түнкүсүн +1…6, (0…- 2) күндүз +10…+15;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, (0…-2) күндүз +10…+15;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +11…+16;
Баткен облусунда түнкүсүн +8…13, күндүз 11…16;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6 (-1…-3), күндүз +10…+15;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6 (-1…-3), күндүз +10…+15 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5°, күндүз +13…+15° болот.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2-октябрь күнү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Өлкөдө абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




